Мексикада суу каптаган ооруканада 16 бейтап каза болду

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Идальго штатындагы Социалдык коопсуздук ооруканасы суу астында калды.

1704467
Мексикада суу каптаган ооруканада 16 бейтап каза болду

Мексикада нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен суу каптаган ооруканада 16 бейтап каза болду.

Мексика басма сөзүндөгү кабарга караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Идальго штатындагы Социалдык коопсуздук ооруканасы суу астында калды.

Жетекчилер Тула дарыясынын ташышынын кесепетинен оорукананы бир нече мүнөттүн ичинде суу каптаганын жана электр агымы үзгүлтүккө учураганы үчүн кычкылтек аппараттарынын бузулганын билдиришти.

Социалдык тармактарда чагылдырылган видеолордо оорукананын суу астында калгандыгы, медициналык кызматкерлер бейтаптардын носилкаларын суунун ортосунда жылдырууга аракет кылышканы байкалды.

Окуяда 16 бейтап каза болду.

Аймактын жалпысында нөшөрлөп жааган жамгырдан кеминде 39 миң кишинин жабыр тартканы кабарланды. 


Этикеткалар: #Идальго штатындагы

Тектеш кабарлар