Катардан гуманитардык жардам ташыган учак Кабулга жетти

Катардан Ооганстанга ушул күнгө чейин 68 тонна гуманитардык жардам жеткени белгиленди.

1703771
Катардан гуманитардык жардам ташыган учак Кабулга жетти

Катардан азык-түлүк жана дары-дармектерди ташыган үчүнчү учак Ооганстандын борбору Кабулдагы Хамид Карзай эл аралык аэропортуна конду.

Катардын расмий кабар агенттиги QNAнын маалыматына караганда, Катардан 25 тонна азык-түлүк, гуманитардык жардам жана медициналык жүктөрдү ташыган учак Хамид Карзай эл аралык аэропортуна конду.

Кабарда Катардан Ооганстанга ушул күнгө чейин 68 тонна гуманитардык жардам жеткени белгиленди.

АКШ 31-августта өлкөдөн акыркы аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Хамид Карзай эл аралык аэропорту талиптердин көзөмөлүнө өткөн.

1-сентябрда болсо Катар аба жолдоруна таандык учак, бул жердин кайрадан ачылуусу үчүн иликтөө жүргүзө турган техникалык топту Кабулга алып барган болчу.  

Андан соң 4 жана 6-сентябрда Катардан гуманитардык жардам жана медициналык каражаттарды ташыган эки учак Кабулга конгон.

Ооганстанды дүйнө менен байланыштырган Хамид Карзай эл аралык аэропортунун кайрадан иштешин каалаган талибдер бул маселени Түркия жана Катар менен сүйлөшүп жатышат.

АКШ, Европа өлкөлөрү жана БУУ баш болгон эл аралык коомчулук Кабул аэропортунун тезирээк ишке кирүүсүн каалашат.



Тектеш кабарлар