ЕБ: «Талибан менен мамиле аял укуктарын урматтоо шартына байланыштуу болот»

Фон Брандт Бельгиянын борбору Брюсселде Европа Парламентинин Адам укуктары боюнча комитетинин сессиясында сөз сүйлөдү.

1703548
ЕБ: «Талибан менен мамиле аял укуктарын урматтоо шартына байланыштуу болот»

Европа Биримдигинин (ЕБ) Ооганстандагы элчиси Андреас Фон Брандт талибдердин аялдар менен кыздардын укуктарын урматтоосу ЕБ менен мамиле түзүүнүн бир шарты экенин айтты.

Фон Брандт Бельгиянын борбору Брюсселде Европа Парламентинин Адам укуктары боюнча комитетинин сессиясында сүйлөгөн сөзүндө ЕБ аялдардын укуктарын, адам укуктарын жана укук коргоочуларынын укуктарын коргоону уланта берээрин билдирди.

Элчи, «Аялдардын жана кыздардын укуктарын урматтоо талибдер жана жаңы өкмөт менен болгон ар кандай саясий диалогдун же мамиленин шарты болуп калат деп ишендирем жана акыркы 20 жылдын жетишкендиктеринин сакталышын гана эмес, улантылышын камсыздайт»,- деди.

Фон Брандт кайда ката кеткенин ойлогондо, «Балким, эл аралык коомчулук колдогон нерселер НАТО же болбосо эл аралык аскердик коргоо болбостон узак мөөнөттүү келечекте туруктуу боло албайт»,-деди.

Ооган өкмөтү мүмкүн болушунча инклюзивдүү болушу керектигин, бирок «шоу кылып бир аялды алуу жана коюу» менен болбой турганын баса белгилеген Фон Брандт,ЕБ принциптерин сактайт жана Талибан менен ал сунуш кылган шартта баарлашарын баса белгиледи.

Фон Брандт: «Азырынча биз Ооганстанда чоң өзгөрүү болгон жок деп айта алабыз. Албетте, муну тастыкташ керек. Бирок бул баары бир жакшы нерсе»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар