Талибан Панжшир провинциясын алганын жарыялады, Ахмед Месуд сүйлөшүүгө чакырды...

Борбор Кабулдагы Ооганстан Аалымдар Кеңешинин жаңжалды токтотуу жана «мусулмандардын канын төгүүнү токтотуу» чакырыгынан кийин, Месуд Фейсбуктагы баракчасында билдирүү жасады.

1703056
Талибан Панжшир провинциясын алганын жарыялады, Ахмед Месуд сүйлөшүүгө чакырды...

Ооганстандын Панжшир провинциясын көзөмөлдөгөн топтордун башчысы Ахмед Месуд эгер талибдер Панжшир менен Андарабдан өз күчтөрүн чыгарып кетсе, алар сүйлөшүүгө даяр экенин жарыялады.

Борбор Кабулдагы Ооганстан Аалымдар Кеңешинин жаңжалды токтотуу жана «мусулмандардын канын төгүүнү токтотуу» чакырыгынан кийин, Месуд Фейсбуктагы баракчасында билдирүү жасады.

Тынчтык менен чечүүнү жактап жаткандарын белгилеген Месуд: «Талибдер Панжшир менен Андарабдагы чабуулдарын жана аскердик операцияларын токтотсо, Улуттук каршылык фронту туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн согушту дароо токтотууга даяр. Биз аалымдар жана реформачылар менен кеңири жолугушууда бардык тараптар менен сүйлөшүүлөрдү улантууга үмүттөнөбүз»,-деди.

Ооган элинин басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөнүн эске салган Месуд, Панжшир жана анын райондорунда талибдердин «жихадынын» диний же гуманитардык мааниси жок экенин билдирди.

Месуд эгер талибдер артка чегинсе, алар дагы чабуулдан оолак болорун айтты.

Тажик лидеринин чакырыгына талибдер азырынча жооп бере элек болсо да, Панжширде акыркы эки күндөн бери уланып жаткан айыгышкан кагылышууларда провинцияны көзөмөлдөгөн топтордун өкүлү Фехим Дешти жана командир Абдулведуд Зере да арасында болгон жүздөгөн согушкерлер каза тапканы кабарланууда.

Бул арада талибдер Ооганстандын Панжшир провинциясын толугу менен ээлеп алганын жарыялашты.

Бул тууралуу Талибандын басма сөз катчысы Забихуллах Мүжахид Твиттердеги баракчасына жазып,«Душмандын акыркы үйү Панжшир провинциясы да толугу менен басып алынды» деген сөздөрдү колдонду.

Жазган текстинде Мужахид Панжширдин алынышы менен бүткүл өлкө боюнча согуштун аяктаганын белгиледи.

Месуд жетектеген Улуттук каршылык көрсөтүү фронту регионду өткөрүп берүүнү каалашпаган талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, бирок тараптар мунасага келе алышкан эмес.

Борбор Кабулдан 50 чакырымдай алыстыкта ​​жайгашкан Панжшир провинциясы 2001 -жылы АКШнын басып киришине чейин район болгон. Болжол менен 170 миң калкы бар аймактын басымдуу бөлүгүн тажиктер түзөт.

2001 -жылы Кабулдун талиптерден алынышында да роль ойногон панжирдиктер, көбүнчө, ички башкаруучу тарабынан башкарылгандыктан, иш жүзүндө өздөрүнө автономияны ыйгарышат.



Тектеш кабарлар