Талибан Меркелди Афганистанга чакырды

Немис Билд гезити «Талибандын катчысы Забихуллах Мүжахид канцлерди Кабулга чакырды» деген темада маекти жарыялады.

1703425
Талибан Меркелди Афганистанга чакырды

Талибандын Германия менен күчтүү жана расмий дипломатиялык карым  - катнаштарды каалашкандарын белгилеп, канцлер Ангела Меркелди Афганистанга чакыргандыгы билдирилди.

Немис Билд гезити «Талибандын катчысы Забихуллах Мүжахид канцлерди Кабулга чакырды» деген темада маекти жарыялады.

Бул маекте Мүжахид : «Германиянын Афганистан менен тарыхый жана жакшы карым  - катнаштары бар. Германия менен күчтүү жана расмий дипломатиялык карым  - катнаштардын болушун каалайбыз»,- деди.

Забихуллах Мүжахид немис өкмөтүнүн жаңы өкмөт менен мүмкүн болгон эң мыкты дипломатиялык карым  - катнашка ээ болушун каалагандарын баса белгиледи.

Мүжахид Германия менен мыкты дипломатиялык карым  - катнаш менен бирге Берлинден саламаттыкты сактоо, инфраструктура жана билим берүү тармактарында финансылык колдоо, гуманитардык жардам жана кызматташууну көрүүнү каалашкандарын белгилеп : «Немис өкмөтүнүн бизге чындыгында жардам берерине ишенебиз»,- деген көз карашты бөлүштү.

Билддин кабарчысынын : «Германиянын канцлери Ангела Меркелди Афганистанда жылуу кабыл аласыздарбы»,- деген суроосуна Мүжахид : «Өлкөбүздө аны ыраазычылык менен кабыл алабыз»,- деп жооп берди.

Германия аскердик эвакуация операциясынын акырына чыгышынан кийин Афганистанда иштеген жергиликтүү кызматкерлерди эвакуациялоо үчүн Талибан менен сүйлөшүүлөрдү баштаган.  Өзгөчө немис өкмөтү ыктымалдуу качкындар кризисин алдына алуу максатында Афганистанда гуманитардык жардам берүүнү каалагандыгын билдирген.

Немис өкмөтү Талибандын Кабулду алгандан кийин бул жердеги элчилигин жапкан. Өкмөттүн атайын өкүлү элчи Маркус Потзел Катардын борбор шаары Дохага барып, бул жерде Талибандын өкүлдөрү менен дипломатиялык байланыштарын уланткан.



Тектеш кабарлар