Палестинада "Дельта" таасири менен бейтап саны көбөйүүдө
Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда акыркы 24 саатта вирустан 17 бейтап каза болуп, 2 742 адамдын Ковид - 19 тести позитив чыкты.
Оккупация жана блокада астындагы Палестина жерлеринде «Дельта» вариантынын таасири менен коронавирус эпидемиясында күнүмдүк бейтап санына көңүл бурулууда.
Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда акыркы 24 саатта вирустан 17 бейтап каза болуп, 2 742 адамдын Ковид - 19 тести позитив чыкты.
Байтаптардын 1406сы болкада астындагы Газа тилкесинде, 1336сы оккупациядагы Батыш Шериада аныкталды.
Ушундайча 5, 2 миллон калктуу Палестинада вирустан ушул кезге чейин 4 миң 12 адам каза болду. бейтап саны 385 887ге жогорулады.
Активдүү бейтап саны 30 000ге жакындаган Палестинада бейтаптардан 55нин абалынын оор экендиги белгиленди.
Палестинада июль айында күнүмдүк бейтап саны 100дөн аз болуп, активдүү бейтап саны да 1000ге чейин азайган. Адистер «Дельта» вариантынын таасири менен өлкөдө абалдын дагы да начарлашынан тынчсызданууда.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.