Хусилер Сауд Арабияны кол салуу менен коркутту

Хусилердин катчысы Мухаммед Абдусселам : «Блокада жана кол салуулар улантылган сайын Йемен калкы өзүн коргоону улантат»,- деди.

1703189
Хусилер Сауд Арабияны кол салуу менен коркутту

Йемендеги хусилер «өзүн  - өзү коргоонун негизинде» Сауд Арабияга дагы кенен түрдө кол салуу менен коркутту.

Хусилердин катчысы Мухаммед Абдусселам Сауд Арабияга карата бомба жайгаштырылган учкучсуз аба аппараттары жана баллистикалык ракеталар менен жасалган кол салуулардан кийин твиттерден берген маалыматында : «Блокада жана кол салуулар улантылган сайын Йемен калкы өзүн коргоону улантат»,- деди. 

Сауд Арабияга жасалган кол салуулардын «өзүн  -  өзү коргоонун негизинде» болгондугун билдирген Абдусселам мындан кийинки кол салуулардын дагы кенен түрдө жана күчтүү болорун белгиледи.



Тектеш кабарлар