ТРТ Баграм авиабазасындагы жаңы көрүнүштөрдү көрсөттү

Баш калаа Кабулдан болжол менен 45 чакырым түндүктө жайгашкан Баграм өлкөдөгү эң ири аскердик база болгон.

1702693
ТРТ Баграм авиабазасындагы жаңы көрүнүштөрдү көрсөттү

Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) июль айынын башында Америка Кошмо Штаттары (АКШ) тарабынан бир түн ичинде эвакуацияланган Ооганстандагы Баграм аба базасына байкоо салууну улантууда.

Баш калаа Кабулдан болжол менен 45 чакырым түндүктө жайгашкан Баграм өлкөдөгү эң ири аскердик база болгон.

База дээрлик 20 жыл бою АКШ армиясынын командалык борбору болгон.

АКШ армиясы артка чегингенде артында ондогон брондолгон унааларды, тик учактарды жана аскердик техниканы калтырды.

ТРТнын тобу, бардыгы көздөп турган базага кирип, АКШ армиясынан калгандарды тартып көрсөттү.

Көптөгөн жабдуулар, анын ичинде америкалык аскерлерден калган тик учактар бузулган абалда.

АКШнын чалгын кызматы CIAдин бир кеңсеси жайгашкан базада жасалган кыйноолор отчеттордо да чагылдырылган.

ТРТ кечээ Баграм авиабазасындагы түрмөнү видеого тартып алды.



Тектеш кабарлар