Керкүктө террордук уюм ДЕАШтын кол салуусунан 12 коопсуздук кызматкери каза болду

Бул тууралуу Керкүк полиция бөлүмүнүн басма сөз кызматы жазуу түрүндөгү маалыматты жарыялады.

1702739
Керкүктө террордук уюм ДЕАШтын кол салуусунан 12 коопсуздук кызматкери каза болду

Ирактын Керкүк шаарынын Дакук районуна жакын жерде Ирак федералдык полиция күчтөрүнүн байкоо пунктуна террордук уюм ДЕАШ тарабынан жүргүзүлгөн куралдуу кол салууда 2 полиция кызматкеринин каза болгондугу, аймакка бара жаткан аскердик унаалар өткөн жолго көмүлгөн бомбанын алыстан башкаруу менен жардырылышынан 10 полициячынын курман болгондугу билдирилди.

Керкүк полиция бөлүмүнүн басма сөз кызматы жарыялаган жазуу түрүндөгү маалыматта, Керкүктүн түштүгүндөгү Дакук районунун Решад кичи районуна жакын жердеги Ирактын федералдык полиция күчтөрүнүн байкоо пунктуна ДЕАШ мүчөлөрү тарабынан куралдуу кол салуу болгондугу белгиленди.

Кол салууда 2 полициянын каза болгондугу маалымдалган билдирүүдө, аймакка жөнөтүлгөн колдоо күчтөрүнүн аскердик машиналары өткөн жолго көмүлгөн бомбалардын алыстан башкарылган пульт менен жардырылышынын себебинен 10 полиция кызматкеринин каза болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө, кол салуудан кийин аймакта кеңири масштабдуу операция башталганы маалымдалды.

Террордук уюм ДЕАШ 2014 -жылдын июнь айында Ирактын Мусул, Салахаддин жана Анбар провинцияларынын баарын, ошондой эле Дияла жана Керкүк провинцияларын кээ бир аймактарын басып алган жана бул аймактар ​​бир топ жылдардан кийин уюмдан кайтарылып алынган.

Уюмдун чабуулдары бул провинциялардын айыл аймактарында уланууда.



Тектеш кабарлар