Талиптер абага ок атып 17 адам каза болду

Перян районун көзөмөлгө алган Талибан мүчөлөрү борбор шаар Кабулда абага ок атып майрамдашты.

1702489
Талиптер абага ок атып 17 адам каза болду

Афганистанда Пенжшир провинциясынын Перян районун көзөмөлгө алган Талибан күчтөрү жеңишин бегилеп, майрамдап жатып абага ок атуусу менен 17 адам каза болуп, 41 адам да жаракат алды.

Провинциянын борборуна жакын райондордон стратегиялык мааниге ээ болгон Перян районун көзөмөлгө алган Талибан мүчөлөрү борбор шаар Кабулда абага ок атып майрамдашты.

Жергиликтүү медианын оорукана жетекчилерине таянып берген кабарына караганда абага атылган октон 17 адам каза болуп, 41 адам жаракат алды. Өзгөчө октор ТРТнын аймактагы тобуна жакын жерге келип түштү.

Бир тараптан Катардын Афганистан элчилиги Кабулдагы аэропорт аянтынын афган жетекчилердин кызматташуусу менен оңдолгондугун белгилеп, жакында аэропорттун жарандардын учушуна даяр болорун билдирди. 

 



Тектеш кабарлар