Нигердеги холера эпидемиясынан 104 адам каза болду
«Вибрио» бактериясынын адамдардын ичегилеринде паразаитке айлануусу менен пайда болгон холера эң көп ичүүгө боло турган суу жана булганган суу менен жуулган азык - түлүктөрдүн жугууда.
Нигерде 9 - августта жарыяланган холера эпидемиясында 104 адам каза болду.
Нигер саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта борбор шаар Ниамей жана өлкөнүн башка 6 аймагында 2 874 холера байтабынын катталгандыгы белгиленди.
Холерадан улам 9 - августтан тарта 104 адамдын каза болгондугу жана оорудан эң көп 15 – 37 жаштагы адамдардын таасирленгендиги билдирилди. Өлкөдө июнь айынан сентябрь айына чейин жааган жамгырдын айынан холера байтаптарына дагы көп кездешүүгө болот.
Сахаранын түштүгүндө көп кездешкен холера эпидемиясы өткөн жылы Батыш Африка өлкөлөрүндө 22 366 кишиде аныкталып, 475 кишинин өлүмүнө себеп болгон.
«Вибрио» бактериясынын адамдардын ичегилеринде паразаитке айлануусу менен пайда болгон холера эң көп ичүүгө боло турган суу жана булганган суу менен жуулган азык - түлүктөрдүн жугууда.
Тектеш кабарлар
НАТО өлкөлөрү Украинага абадан коргонуу системалары тууралуу жардам берет
НАТО - Украина кеңеши коргоо министрлеринин деңгээлинде онлайн жыйын өткөрдү.