Мигрант жана үй - жайсыз адамдар Париж губернаторлугунун алдында күтүүнү улантууда
Collectif Requisitionsтун үй - жайсыз адамдар үчүн уюштурган 10 - акция да шаршемби күнү түшкү сааттан бери улантылууда.
Франциянын борбор шаары Парижде мигранттар менен миңге жакын үй - жайсыз адамдар Париж жана Иль-де-Франс губернаторлугунун алдында курган чатырларда күтүүнү улантышууда.
Мигранттарга жардам коому Утопия 56 да араларында болгон Collectif Requisitions аттуу уюмдун колдоосу менен 1 - сентябрь шаршемби күнү Париж жана Иль-де-Франс аймагынын губернаторлугунун алдындагы Андре-Ситроен паркына чатыр курган жана саны миңге жакындаган мигранттар менен үй - жайсыз адамдарга алигече баш калкалоочу жер табыла элек.
Collectif Requisitionsтун үй - жайсыз адамдар үчүн уюштурган 10 - акция да шаршемби күнү түшкү сааттан бери улантылууда.
2020 - жылдын декабрь айынан бери уюм тарабынан өткөрүлүп келе жаткан акциялардын жардамы менен 3600дөн ашуун үй - жайсыз адамга баш калкалоочу жердин табылгандыгы белгиленди.