Бороондон кийинки Луизиана

Луизиананын айрым аймактарында бензин станцияларында кезекте тургандар көп.

1702313
Бороондон кийинки Луизиана

«Ида» бороонунан 5 күндөн кийин АКШнын Луизиана штатында 800 000 абонентке электр берилбей, штаттын тургундары тамак – аш жана бензин алуу үчүн кезекте күтүшүүдө.

Луизиананын айрым аймактарында бензин станцияларында кезекте тургандар көп. Айрым марткеттер болсо суу, муз, сүт жана нан сыяктуу негизги муктаждыктарды чектүү санда сатууда.

Азык  - түлүккө жетишүүдө болуп жаткан маселелердин себеби катары бензин кыйынчылыгын жашаган үй  - бүлөлөрдүн унааларын колдонбоо үчүн азык  - түлүк камдашы көрсөтүлүүдө.

Май куючу жайларды көзөмөлдөө кызматы GasBuddy Луизиананын эки чоң шаарында, Батон Руж жана Нью Орлеанда станциялардын болжол менен 67 пайызында  бензиндин жок экенин көрсөтүүдө.

Адистер штаттагы бензин кыйынчылыгынын элдин штаттын тышына чыгышы жана бензин менен иштеген генераторлордун айынан талаптын көбөйүшүнө жана насостордогу электр үзгүлтүктөрүнүн айынан танкерлердин рафинериялардан бензин ала албагандыгына байланыштырууда.

Штатта азыр да 825  000ге жакын үйгө электр бериле албай жатат.

Луизианада Ковид  - 19  эпидемиясынан кийин август айында кайрадан ачылган мектептер «Ида» бороонунан улам жабылды. 250 000 окуучунун качан мектепке бара баштай тургандыгы азырынча белгисиз.

4 -  категориядагы «Ида» бороону 240 километрден ашуун ылдамдык менен таасир берген Луизиана штаты менен Миссисипи жана Алабамада 9 адам каза болуп, миңдеген үй талкаланды.

Түндүккө карай акырындык менен кеткен жана тропикалык бороонго айланган бороон менен кошо келген жамгырдын кесепетинен түндүк шататтарда 45 киши каза болду.



Тектеш кабарлар