АКШда "Ида" бороонунан 63 адам каза тапты

29 - августтан бери күчүндө болгон "Ида" бороону АКШнын түндүк - чыгышына чоң зыян келтирди.

1702493
АКШда "Ида" бороонунан 63 адам каза  тапты

АКШга таасирин тийгизген "Ида" бороонунан каза болгондордун саны 63кө жетти.

29 - августтан бери күчүндө болгон "Ида" бороону АКШнын түндүк -чыгышына чоң зыян келтирди.

Ылдамдыгы саатына 241 чакырымга жеткен бороон алгач Луизиана жээгин каптады, андан кийин Нью -Йорк, Нью - Жерси жана Пенсильваниянын айрым жерлерин каптады.

Луизиана жана Миссисипи штаттарында адамдарды куткаруу иштери улантылып, бир миллиондон ашуун кишиге электр жарыгынын бериле албай жаткандыгы жана электр үзгүлтүктөрүнүн дагы бир нече күнгө уланары билдирилди.

Нью - Йоркто жана Нью - Жерсиде өзгөчө кырдаал уланууда. Ошол эле учурда АКШнын президенти Жо Байден Луизиана штатында табият кырсыгынан жабыркагандар менен жолугушуп, бороондон жабыркагандарга колдоо көрсөтүүнү убада кылды.



Тектеш кабарлар