Путин : "АКШнын Афганистандан чыгышынан кийин адамзаттык апаат болду"

Россиянын президенти В. Путин АКШнын күчтөрүнүн Афганистандан чыгышынан кийин бул өлкөдө адамзаттык апааттын болгондугун белгиледи.

1702137
Путин : "АКШнын Афганистандан  чыгышынан кийин адамзаттык апаат болду"

Россиянын президенти В. Путин АКШнын күчтөрүнүн Афганистандан чыгышынан кийин бул өлкөдө адамзаттык апааттын болгондугун белгиледи.

Путин Россиянын Владивосток шаарында болгон Чыгыш экономикалык форумунда Афганистандагы акыркы абалдарга байланыштуу маалымат берди.

АКШ жана башка батыштык күчтөрдүн Афганистандан чыгышынан кийин керектүү сабактардын алынышы керектигин айткан Путин : «Афганистанга киргендерин жана көп сандаган жаңылыштыкты кылгандарын айтышууда. Эми болсо ошол эле жаңылыштыктарды башка өлкөлөргө жасап жатышат. Санкция деген эмне? Бир өлкөнүн өз эрежелерин башка бир өлкөгө кабыл алдыруу аракети жана муну дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө улантышууда. Эгерде чындыгында жаңылыштыктарынан маанилүү сабактарды ала турган болушса анда дүйнө саясатында өзгөрүүлөрдү көрө алабыз»,- деди.

АКШнын Афганистанда  1, 5 триллион долардан ашык акча жумшагандыгына көңүлдөрдү бурган Путин : «Америкалыктар прагматикалык адамдар бирок мынчалык акча короткондон кийин жыйынтык эмне болду? Афганистанда АКШ жана союздаштары үчүн иштеген жана ташталган адамдардын санына карай турган болсок, бул бир адамзаттык апаат»,- деди.

Өлкөлөргө демократияны күч менен таңуулоонун кабыл алынгыс экенин айткан Путин: «Айрымдары демократияга муктаж болсо эл буга өзү чечим чыгарат, күч колдонуунун кереги жок»,- деди.

Путин Россиянын Афганистандын бөлүнүшүн жактабагандыгын белгилеп : «Афганистан бөлүнө турган болсо ким менен байланышабыз? Россия Талибандын Афганистанды толугу менен көзөмөлгө алуу чындыгынан жолго чыгышы керек. Талибан  цивилизациялуу коомго канчалык ылдам кошула турган болсо, аны менен байланыш куруу, таасир берүү, айрым суроолорду суроо жана цивилизациялуу коомдун эрежелерин түшүндүрүү ошончолук оңой болот. Талибан өкмөтүнүн таанылышы үчүн билдирүүлөрүнөн башка ташталган кадамдарды карап чыгуу керек»,- деди.



Тектеш кабарлар