Израилде Ковид - 19 бейтап саны жогорулоодо

Активдүү бейтап саны 92 000ге жакындаганына карабастан абалы оор бейтап саны 667 бойдон экендиги билдирилди.

1702169
Израилде  Ковид  - 19  бейтап саны жогорулоодо

Израилде «Дельта» вариантынын таасири менен Ковид  - 19  эпидемиясында күнүмдүк бейтап санындагы өсүү улантылууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта акыркы 24 саатта 32 бейтаптын Ковид  - 19дан улам каза болгондугу, 11 210  адамдын тестинин позитив чыккандыгы белгиленди.

Ушундайча 9, 3 миллионго жакын калкы болгон Израилде вирустан улам 7 122 адамдын каза болгондугу, бейтап саны 1 миллион 101 000ден ашканы белгиленди.

Активдүү бейтап саны 92 000ге жакындаганына карабастан абалы оор бейтап саны 667 бойдон экендиги билдирилди.

«Дельта» вариантынын таасири менен күнүмдүк бейтаптардын саны ылдам  жогорулаган өлкөдө үчүнчү доза вакцинанын берилиши менен эпиедмияны көзөмөлгө алууга аракет кылынууда.



Тектеш кабарлар