Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму "Mu" варианты тууралуу эскертти

ДССУ "B.1.621" башка аталышы менен “Mu” варинатынын мутацияга учурагандыгын билдирди.

1702142
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  "Mu"  варианты тууралуу эскертти

Колумбияда биринчи жолу чыккан Ковид  - 19дун "Mu" варинанты Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму тарабынан  «жакындан иликтениши керек болгон вариант» категориясына киргизилди.

ДССУ "B.1.621" башка аталышы менен “Mu” варинатынын мутацияга учурагандыгын билдирди.

ДССУ "Mu" варинатынын Колумбия жана Эквадордо жайылып бара жаткандыгы тууралуу эскертти.

2021 -  жылы январь айында Колумбияда биринчи жолу чыккан “Mu” вариантынын глобалдык жайылуусу 0, 1 пайыздын астында болсо да инфекциялардын 39 пайызын түзгөн Колумбия жана 13 пайызын түзгөн Эквадордо жайылууну улантууда.

Түштүк Америкадан башка айрым Европа өлкөлөрү АКШ менен Гонконгдо бейтаптардын бар экендиги билдирилди.

39 өлкөдө чыккан “Mu” варианты 30 -  августта ДССУ тарабынан март айынан бери «жакындан иликтениши керек болгон вариант» категориясына киргизилген бешинчи вариант болду. Мындан мурда да Eta, Iota, Kappa, Lambda варианттары бул категорияга киргизилген.

29 -  августтан тарта акыркы 4 жуманын ичинде бейтаптардан алынган вирус үлгүлөрүнүн 4 500дөн ашыкчасынын “Mu” варианты экендиги белгиленди. Булардын көпчүлүгү АКШ (2 миң 65) жана Колумбия (852), Мексика (357)  жана Испанияда (473)  экендиги отчет берилди.  



Тектеш кабарлар