Кабул аэропортуна биринчи учак конду

Техникалык топ борбор шаар Кабулга барды.

1700991
Кабул аэропортуна биринчи учак конду

Ооганстанда Талибандын көзөмөлүндөгү Кабул аэропортуна биринчи учак конду.

Катар аба жолдорунун учагы, талибдердин көзөмөлүнө өткөн Кабул аэропортунун кайрадан ачылуусу үчүн иликтөө жүргүзө турган техникалык топту борбор шаар Кабулга алып барды.

Атын атагысы келбеген Катардын расмий өкүлү билдиргендей, техникалык топ Кабулга ооган тараптын өтүнүчү боюнча аэропорттун өз ишинин улантылышына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн барды.

Катардык жетекчи, аэропорттун иши жана коопсуздугу боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын маалымдады. 



Тектеш кабарлар