АКШнын коргоо министри Перс булуңунун лидерлери менен сүйлөштү

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) тексттери бирдей төрт башка билдирүү жасады.

1700585
АКШнын коргоо министри Перс булуңунун лидерлери менен сүйлөштү

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Кувейт, Бахрейн, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) расмий өкүлдөрү менен АКШнын Ооганстандан чыгышын талкуулады.

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) тексттери бирдей төрт башка билдирүү жасап, Остиндин Кувейттин коргоо министри Шейх Хамад Жабер Аль-Али Ас-Сабах, Бахрейндин мураскер ханзаадасы Салман бин Хамад Аль Халифа, Катардын эмири Тамим Бин Хамад Аль Тани жана Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахаян менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдады.

Сүйлөшүүлөргө байланыштуу билдирүүлөрдө Остин менен Перс булуңунун лидерлери эки тараптуу мамилелерди жана өнөктөштүктү, ошондой эле Ооганстандагы абалды талкуулашканы белгиленди.



Тектеш кабарлар