Жозеп Боррель Ооганстандан көчтүн алдын алууда Түркиянын ролуна токтолду

Боррель, испан мамлекеттик RNE радиосуна жасаган билдирүүсүндө, «Кабул аэропортунда биринчи күнкү көрүнүштү көргөндө, алардын өлкөдөн чыгып кетүү үчүн эмне тобокелге салганын түшүнөбүз»,-деп айтты.

1693249
Жозеп Боррель Ооганстандан көчтүн алдын алууда Түркиянын ролуна токтолду

Европа Биримдигинин (ЕБ) Тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Түркиянын өз өлкөсүнөн Европага качып кеткен оогандардын өтүүсүн алдын алууда «абдан маанилүү роль ойной турганын» айтты.

Боррель, испан мамлекеттик RNE радиосуна жасаган билдирүүсүндө, «Кабул аэропортунда биринчи күнкү көрүнүштү көргөндө, алардын өлкөдөн чыгып кетүү үчүн эмне тобокелге салганын түшүнөбүз»,-деп айтты.

Боррель сөзүн улап: «Акыркы 3 айда ансыз деле оогандык миграция болууда. Иранга, Иракка же Чыгыш Жер Ортолук деңизи аркылуу Европага көбүрөөк келе баштады жана боло берет. Бул биздин транзиттик өлкөлөр менен тыгыз иштешибиз керек экенин көрсөтүп турат. Бул гуманитардык кризистин алдын алуу керек. Бул жерде Түркия абдан маанилүү ролду ойнойт. Түркия аркылуу өтүүгө аракет кылгандардын саны көп болот, бирок бул азыркынын эмес, келечек үчүн кооптонуу. Азыр маанилүү нерсе  Кабул аэропорт иштей башташы»,-деди.

Боррель Талибандын Ооганстанды басып алышы Батыштын ийгиликсиздиги экенин белгилеп, «Ооганстанда болгон окуя Батыш дүйнөсү үчүн жеңилүү. Биз муну бардык ачыктыгы менен көрүүгө жана таанууга кайраттуу болушубуз керек»,деди.

Европа Биримдигинин талиптер менен жолугушуусу керек деген билдирүүсү кээ бирлерди таң калтырганын баса белгилеген Боррель, «Биз алар менен сүйлөшүшүбүз керек. Кабулду көзөмөлгө алгандар менен сүйлөшпөсөк, аэропорттун коопсуздугуна жол ача албайбыз»,деген көз карашын билдирди.

Боррель Ооганстанда Европа Биримдиги менен кызматташкан ооган жарандарын же өмүрүнө коркунуч туудурган адамдарды эвакуациялоону милдети жана жоопкерчилиги катары кабыл алаарын, бул үчүн чоң аракетин жумшагандарын билдирди.

Европа Биримдигинин Ооганстандагы өкүлүнүн дагы деле бул өлкөдө экенин айткан Боррель, Талибандын көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунда чектелүү болсо дагы ЕБ менен байланышкан аскердик учактар ​​ кайрадан учууну баштаганын айтты.



Тектеш кабарлар