Сауд Арабия туристтерди кабыл ала баштайт
Сауд Арабия Ковид - 19га карата көрүлгөн чаралардын негизинде туристтик виза алган адамдардын өлкөгө киришин 2019 - жылдын сентябрь айында токтоткон.
Сауд Арабия Ковид -19дан улам бир жырам жылга жакын убакыттан кийин август айынан тарта туристтик виза алган адамдардын өлкөгө киришине уруксат берет.
Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги СПАнын кабарында : «Туризм министрлиги 2021 - жылдын август айынын башынан тарта королдуктун каалгаларын туристтерге жана турист визасын алган адамдар үчүн ачуга чечим чыгарды»,- деп билдирилди.
Кабарда туристтик виза алган адамдардын Ковид - 19 вакцинасын алуусу, расмий вакцина сертификатын көрсөтүүсү жана ПЦР тестин жасатуу шарты менен карантинге алынбастан өлкөгө кире алары тууралуу маалымат орун алды.
Сауд Арабия Ковид - 19га карата көрүлгөн чаралардын негизинде туристтик виза алган адамдардын өлкөгө киришин 2019 - жылдын сентябрь айында токтоткон.