Россия менен Кытай аскердик машыгуу өткөрөт

Россия менен Кытайдын армиялары келерки айда биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрөрү билдирилди.

1682586
Россия менен Кытай аскердик машыгуу өткөрөт

Россия менен Кытайдын армиялары келерки айда биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрөрү билдирилди.

Россиянын коргоо министрлигинин маалыматында, орус армиясынын кээ бир бөлүктөрү август айынын ортосунда Кытайда өтө турган "Өз ара аракеттенүү-2021" аскердик машыгуусуна катышары белгиленди.

Биргелешкен машыгууга болжол менен 10 миң аскер менен ар кандай аскердик учак жана бронетранспортерлордун да катышаары белгиленди.

Маалыматта : «Машыгуунун максаты – Россия  - Кытай  мамилелерин, ар тараптуу өнөктөштүктү жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы аскердик кызматташтыктын жана достуктун деңгээлин жогорулатуу, Россия менен Кытайдын согушууга болгон чечкиндүүлүгүн жана жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү»,- деп билдирилди.  



Тектеш кабарлар