Тунистин президенти мамлекеттик телекөрсөтүү мекемесинин башкы директорун кызматтан алды

Кайс Саид мамлекеттин акчасы талап – тонолууда деген билдирүү жасады.

1682032
Тунистин президенти мамлекеттик телекөрсөтүү мекемесинин башкы директорун кызматтан алды

Тунистин президенти Кайс Саид Тунистин мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн башкы директору Лесад Дахишти кызматынан алды.

Президенттиктен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта президент Саиддин Дахиштин кызматтан алынышы үчүн чечим чыгаргандыгы белгиленди. Саиддин Дахиштин ордуна Аватыф ед  -  Далинин каналды убактылуу башкаруу менен милдеттендиргендиги билдирилди.

Бир тараптан президент Саид мамлекеттин акчасы талап – тонолууда деген билдирүү жасап, сөз болгон көлөмдүн кайра алынышы жана тийиштүү кишилерге акчалай жазанын берилиши керектигин белгиледи.

Президенттик тарабынан жарыяланган видеодо президент Саиддин Картажа сарайында Өнөр жай жана соода федераиясынын төрагасы Семир Мажул менен жолугушкандыгы маалымдалды.

Улуттук паракордук жана коррупцияны аныктоо комитети тарабынан отчет жарыялагандыгын  белгилеген Саид өлкөдөгү 460 кишинин мамлекеттин акчасын талап – тоногондугун жана таланган акча көлөмүнүн 13, 5 миллиард Тунис динары экендигин айтты. Саид макулдашууга чакырып, мамлекеттин акчасын талап  - тоногондордун тизмесин түзгөндүгүн да билдирди.

Тунисте эмне болгон?

25 -  июлда Тунисте өкмөт жана оппозиция партияларына карата жүздөгөн кишинин катышуусунда митинг өткөрүлүп, чыккан окуяларда Нахда кыймылы жана башка партиялардын борборлоруна кол салуу болгон.

Тунистин президенти Кайс Саид да парламенттин бардык жоопкерчиликтерин тоңдуруп, депутаттардын кол тийбестигин алгандыгын, премьер  - министр Хишам ел  -  Мешишини кызматтан алгандыгын жана өзү дайындай турган премьер  - министр менен бийликти өткөрүп аларын жарыялаган.

Саид өзүн башкы прокурор жарыялап сот тармагына да кийлигишти.

Өкмөткө карата бул төңкөрүш кыймылынан кийин аскерлер Тунистин парламент спикери жана Нахда кыймылынын лидери Рашид  ел  -  Ганнуши менен коштоосундагы депутаттарды парламентке киргизген эмес.

Президент Кайс Саиддин чечими боюнча элди тынчтыкчыл күрөшүүгө чакырган Ганнуши мыйзамдуу бир негизи болбогон бул кадамдын «төңкөрүш» экендигин баса белгилеген.

Кайс Саид болсо тарыхый бир жоопкерчиликти моюнга алгандыгын, чыгарган чечимдеринин конституцияга ылайык экендигин жана муну «төңкөрүш» деп мүнөздөгөндөрдөн «укук сабактарын карап чыгуулары» керектигин айткан.



Тектеш кабарлар