Россия менен АКШнын стратегиялык жыйыны өттү

Жыйында эки өлкөнүн стратегиялык туруктуулук, куралдардын көзөмөлгө алынышы жана тобокелчиликтердин азайтылышына карата маанилүү темалар талкууланды.

1682185
Россия  менен АКШнын стратегиялык жыйыны өттү
Wendy Sherman-Sergei Ryabkov.jpg
rusya-abd bayrak.jpg

Россия жана АКШ делегациялары башта өзөктүк куралдардын көзөмөлгө алынышы жана эки өлкөнүн ортосундагы келишпестиктерди сүйлөшүү үчүн Швейцариянын Женева шаарында жолугушту.

Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда эки өлкө түзгөн келишимдердин уландысы болгон, стратегиялык туруктуулук тууралуу Россия  -  Америка диалогунун жаңы жыйыны өткөрүлдү.

Россия делегациясына Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков, АКШ делегациясына АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман жетекчилик кылган жыйында эки өлкөнүн стратегиялык туруктуулук, куралдардын көзөмөлгө алынышы жана тобокелчиликтердин азайтылышына карата маанилүү темалар талкууланды.

Жыйындан кийин басма сөзгө билдирүү жасаган Рябков жыйындын конструктивдүү болгонун жана мындан ыраазы болушкандарын билдирди.

Рябков эки өлкөнүн ортосунда курал-жаракты көзөмөлдөө жаатында кризистин чыккандыгына көңүл буруп : «Америка Кошмо Штаттары конструктивдүү диалогго даяр. Бул абдан позитивдүү пункт. Жолугушууга АКШнын бардык мекемелеринин өкүлдөрүнөн турган делегация катышты. Маанилүү  маселелер боюнча пикир келишпестиктерибиз бар деген тыянакка келдик. Ошондой эле дал келген темаларды да таптык жана буларды өнүктүрүүнү каалайбыз»,- деди.

Кибер коопсуздук тармагында АКШ менен өз ара аракетте болгондорун белгилеген Рябков бул тармактагы диалогду улантууну каалашкандарын айтты.

Рябков Британия, Франция жана Кытайдын Россия менен АКШнын ортосундагы стратегиялык стабилдүүлүк боюнча сүйлөшүүлөргө кошулууга даяр эмес экенине көңүл буруп: "Бирок, кийинки сүйлөшүүлөрдө Британия менен Франциянын өзөктүк потенциал  маселелерине көңүл бурушу биз үчүн алдыңкылык",- деди.

Сентябрь айында да АКШ менен жыйын өткөрүлөрүн белгилеген Рябков,  бул жыйынга даярданышарын жана иштөөнү улантышарын айтты.

 



Тектеш кабарлар