Израиль жаралаган палестиналык бала каза болду

Израиль аскерлери оккупацияга алган Батыш Шериада чыныгы ок менен көкүрөгүнөн оор жаракат алган палестиналык бала каза болду.

1682108
Израиль жаралаган палестиналык бала каза болду

Израиль аскерлери оккупацияга алган Батыш Шериада чыныгы ок менен көкүрөгүнөн оор жаракат алган палестиналык бала каза болду.

Палестина саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль аскерлери тарабынан Батыш Шеринанын Ел  -  Халил шаарына караштуу Бейт Уммер аймагында атылган 12 жаштагы Мухаммед ел  -  Алламинин каза болгондугу белгиленди. Маалыматта Алламинин көкүрөгүнөн жаракат алгандыгына көңүл бурулуп, бардык жардамдарга карабастан куткарыла албагандыгы маалымдалды.

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын кабарына ылайык палестиналык активист Мухаммед Авад Бейт Уммер аймагында эч бир окуянын болбогондугун, Израиль аскерлеринин жолдон өтүп бара жаткан унаага атайын ок аткандыгын жана унаада атасы менен отурган 12 жаштагы Мухаммед  ел  -  Аллами аттуу баланын оор жаракат алгандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар