ДЕАШка каршы коалициядан Пешмергеге экинчи жолу аскердик унаа жардамы берилди

Коалициялык күчтөр 26 - июлда Пешмерге министрлигине 70ке жакын жаңы унаа берген.

1682195
ДЕАШка каршы коалициядан Пешмергеге экинчи жолу аскердик унаа жардамы берилди

АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы коалиция Ирак Күрт Аймактык башкаруусуна караштуу Пешмерге күчтөрүнө бир жумада экинчи жолу аскердик унаа боюнча жардам берилди. Коалиция күчтөрү Эрбилде өткөн өткөрүп алуу аземинде Хаммер түрүндөгү бронетранспорттор жана тез жардам унаалары менен 59 аскердик машинаны Пешмерге министрлигине тапшырды.

Коалициялык күчтөр 26 - июлда Пешмерге министрлигине 70ке жакын жаңы унаа берген. Аземде көргөзмөгө коюлган унаалар арасында Humvee тибиндеги бронетранспортерлор, танкерлер жана аскердик жүк ташуучу унаалар бар.

Бул жардамдын Ирактын премьер  - министри Мустафа ел  - Казыминин :  «Террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү үчүн АКШ аскерлеринин Иракта болушунун зарылчылыгы калган жок»,- деп айткандан кийин келиши көңүлдөрдү бурууда.



Тектеш кабарлар