Мешиши : "Президент жаңы премьер - министр дайындай турган болсо кызматты өткөрүп беремин"

Бардык тунистиктердин коопсуздугун жана мыйзамын коргоо үчүн мамлекетте эч бир позицияны албай тургандыгын айткан Мешиши өлкөсүнө бардык шарттарда кызмат кылууну улантарын билдирди.

1680816
Мешиши : "Президент жаңы премьер -  министр дайындай турган болсо кызматты өткөрүп беремин"

Тунистин премьер  - министри Хишам ел  -  Мешиши президент Кайс Саид жаңы премьер  - министр дайындай турган болсо, элдин коопсуздугу жана укугун коргоо үчүн кызматын өткөрүп берерин жарыялады.

Мешиши акыркы абалдар тууралуу соцтармактан билдирди. Саиддин өзүн кызматтан алып  президент дайындай турган жаңы бир премьер  - министрге кызматын өткөрүп берерин белгилеген Мешиши Тунистин абалын баш  - аламан кылган жана кыйынчылыкка кириптер кылган тоскоолдук ролду аткарууну каалабагандыгын айтты.

Бардык тунистиктердин коопсуздугун жана мыйзамын коргоо үчүн мамлекетте эч бир позицияны албай тургандыгын айткан Мешиши өлкөсүнө бардык шарттарда кызмат кылууну улантарын билдирди.

Тунисте өкмөткө жана оппозициялык партияларга каршы нааразычылык акциялары уюштурулуп, партиянын борборлоруна, айрыкча Нахда кыймылына кол салуулар болгон.

Тунистин президенти Саид да парламенттин бардык жоопкерчиликтерин тоңдургандыгын, депутаттардын кол тийбестигинин токтотулгандыгын, учурдагы премьер  - министр Хишам ел  -  Мешишини кызматтан алгандыгын жана өзү дайындай турган премьер  - министр менен аткаруу бийлигин өткөрүп аларын жарыялаган.

Аскерлер парламенттин спикери жана Нахда кыймылынын лидери Рашид ел  -  Ганнуши менен коштоосундагы депутаттарды парламентке киргизген эмес.

Президент Саиддин чечимдери боюнча элди тынчтыкчыл күрөшүүгө чакырган Ганнуши мыйзамдуу негизи болбогон бул кадамдын «төңкөрүш» экендигин баса белгилеген.

 



Тектеш кабарлар