Тунисте демократиялык процесс токтотулду

Тунистин президенти Кайс Саид парламенттин бардык жоопкерчилигин «30 күндүк мөөнөт менен» тоңдургандыгын, депутаттардын кол тийбестигин алгандыгын жарыялады.

1680216
Тунисте демократиялык процесс токтотулду

Тунистин президенти Кайс Саид парламенттин бардык жоопкерчилигин «30 күндүк мөөнөт менен» тоңдургандыгын, депутаттардын кол тийбестигин алгандыгын жарыялады.

Кайс Саид премьер  - министр Хишам ел  -  Мешишини кызматтан алгандыгын жана өзү дайындай турган бир премьер  - министр менен иш алып барарын, коррупцияны ортого чыгаруу үчүн  башкы прокурорлук милдетин да алгандыгын белгиледи.

Аскердик командирлик жана коопсуздук жетекчилери менен бирге катышкан бир жыйындан кийин президенттиктин жарыялаган бир видеосунда Саиди  Тунистин ичинде болуп жаткан талап  - тоноо, өрт жана башка кырдаалдардан өлкөнү куткаруу үчүн чаралардын көрүлүшү керектигин белгилеп, атын билдирбеген айрым топтордун белгилүү аймактарда жарандык согуш чыгаруу үчүн акча чогулткандыгын айтты.

Саид бир канча ай мурда чыгаруусу керек болгон бул чечимдерди парламенттин спикери Рашид ел Ганнуши жана Хишам ел  -  Мешиши менен кеңешкенден кийин кабыл алгандыгын билдирди.

Парламенттин бардык жоопкерчиликтерин 30 күндүк мөөнөт менен тоңдургандыгын, депутаттардын кол тийбестигин токтокондугун,  учурдагы премьер  - министр Хишам ел  -  Мешишини кызматтан алгандыгын жана өзү дайындай турган премьер  - министрдин аткаруу бийлигин өткөрүп аларын жарыялаган Саид бул чечимдердин дароо ишке кирерин айтты.

Өлкөдөгү бардык аэропорттор менен чек ара капкаларынын жабылгандыгы кабар берилди. Армиянын айрым саясатчыларды камоого ала баштагандыгы да келген кабарлардын арасында.

Парламенттин спикери жана Нахданын лидери Ганниши болсо абалдарга «төңкөрүш» деп баа берди.

Ганнуши : «Тунис жаңы бир Египет, Саид болсо жаңы бир ел Сиси болбойт. Демократиялык жол менен шайланган парламент жана өкмөт өз ишин аткарууда»,- деди.

Ганнуши элди «демократияны кайрадан куруу үчүн тынчтыкчыл  күрөшүүгө» чакырды.

Тунистиктердин болсо президент Саиддин билдирүүсүнөн кийин көчөлөргө чыгып  майрамдаша баштагандыгы көрүнүүдө.

Өткөн айларда, өзгөчө борбор шаар Тунис менен бирге жалпы өлкөдө өкмөт жана оппозиция партияларына карата массалык нааразычылык акциялар жүргүзүлүп, Нахда кыймылы менен бирге партия борборлоруна кол салуулар болгон.



Тектеш кабарлар