Владимир Зеленский АКШга барат

Ак үй катчысы Жен Псаки билдирген жазуу түрүндөгү маалыматта президент Жо Байдендин Зеленскийди  Ак үйдө тосуп аларын билдирди.

1678604
Владимир Зеленский АКШга барат

Украинанын президенти В. Зеленский 30 -  августта АКШга сапар менен барат.

АКШнын Ак үй катчысы Жен Псаки билдирген жазуу түрүндөгү маалыматта президент Жо Байдендин Зеленскийди  Ак үйдө тосуп аларын белгилеп : «Бул сапар Россиянын Донбасс жана Крымдагы агрессиясына каршы АКШнын Украинанын эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө карата колдоосун ырастайт»,- деп билдирилди.

Маалыматта Зеленскийдин сапарында өзгөчө энергетика коопсуздугу тууралуу эки өлкөнүн ортосундагы жакын кызматташуунун каралары, Зеленскийдин коррупция менен күрөшүү жана биргелешкен демократиялык баалуулуктарга негизделген реформаларды ишке ашыруу аракеттерине карата колдоонун талкууланары белгиленди.



Тектеш кабарлар