Украинада жарылуу болду

Заводдогу жумушчулар эвакуаицяланып, окуя тууралуу тергөө иши баштатылды.

1678244
Украинада жарылуу болду

Украинанын Ровно шаарындагы азот кислотасы заводунда жарылуу болду.

Алгачкы маалыматтар боюнча, окуяда эч ким каза болгон эмес жана жаракат алган эмес, бирок жарылуудан кийин кызгылт сары түтүн булуттары асманды каптады.

Жарылуунун түтүк жолунда басымдуулуктун капысынан төмөндөшүнөн келип чыккандыгы билдирилди.  Ошондой эле, кызгылт сары түтүндүн чыгышы  аймактын тургундары үчүн кооптуу эмес маалымдалды. 

Заводдогу жумушчулар эвакуаицяланып, окуя тууралуу тергөө иши баштатылды. 

 



Тектеш кабарлар