Пакистанда жер титирөө болду

Жер титирөөдө материалдык чыгымдын болуп же болбогондугу тууралуу ушул кезге чейин маалымат берилген жок.

1678196
Пакистанда жер титирөө болду

Пакистандын Пенжап аймагынын Ражанпур шаарына жакын жерде 5, 2 баллдык жер титирөө болду.

Улуттук сейсмологиялык көзөмөлдөө борбору эпицентри Ражанпурдун 37 километр түндүк – чыгышы болгон жер титирөөнүн жердин 39 километр астында болгондугун билдирди.

Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарындагы кабарларда 5, 2 баллдык жер титирөөнүн Дера Гази Хан, Дажал жана Захир Пирде да сезилгендиги белгиленди.  Жер титирөөдө материалдык чыгымдын болуп же болбогондугу тууралуу ушул кезге чейин маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар