Иранда болгон митингдер

Митингдердин  алтынчы күнүндө  Ахваз, Изе, Махшер, Хурремшехр, Абадан, Сусензерд жана Шадган шаарларында улантылууда. Митингге чыккандар менен полициянын ортосунда кагылышуу чыккандыгы билдирилди.

1678236
Иранда болгон митингдер

 

Иранда араптар көр жашаган Хузистан аймагында суу үзгүлтүктөрүнөн улам улантылып жаткан митингдердин алтынчы күнүдө Бендер Махшер шаарында бир полиция каза болуп, Изе шаарында бир митингчи өлтүрүлдү.

Ирандын арсмий маалымат агенттиги ИРНАга маалымат берген Хузистан аймагына караштуу Бендер Махшер губернаторунун орун басары Феридун Бендери кечки сааттарда шаарда чыккан окуялар тууралуу маалымат берди. Бендери : «Митингчилердин Талегани кыштагында бир үйндүн чатырынан ок атылып, бир полиция каза болду жана бирөөсү да бутунун жаракат алды»,- деди.

Губернатордун орун басары Бендери окуя тууралуу териштирүүнүн баштатылгандыгын айтты.

Хузистан аймагындагы митингдердин  алтынчы күнүндө  Ахваз, Изе, Махшер, Хурремшехр, Абадан, Сусензерд жана Шадган шаарларында улантылууда. Митингге чыккандар менен полициянын ортосунда кагылышуу чыккандыгы билдирилди.

Соцтармакта орун алган кабарларга караганда Изе шаарындагы жүздөгөн митингчи өлкөнүн лидери Али Хаманейди бутага алып : «Жок болсун Хаманей»,- деп ураан чакырышты. Ошол эле шаарда полициянын куралдуу кийлигишүүсүндө митингчилерден Мухаммед Абдуллахинин каза болгондугу билдирилди. Ушундайча каза болгон митингчилердин саны кеминде төрткө жетти.

Коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу жана курал колдонгон митингдерде Сусенгерд шаарында митингчилер  бир танкты өрттөдү.

Хузистан аймагынын негизги суу булактарынан Хурул, Азим көлчөлөрүнүн жана Керхе дарыясынын кургап калышы менен Карун дарыясынан башка аймактарга суу өткөрүү үчүн даярдалган долбоорго уруксатын берилишинен кийин ортого чыккан ичүүчү сууга жетүү кыйындагандыктан Хамидийе, Бостан, Шадихан, Шуш, Данял жана Махшехр шаарларында 14 -  июль шаршемби күнү кечки сааттарда митингдер башталган.

Чыккан окуяларда кеминде 3 митингчинин каза болгондугу билдирилген.



Тектеш кабарлар