БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Иракта болгон кол салууну айыптады

Ирактын борбор шаары Багдаттын Садр аймагындагы Ел  -  Вахилат элдик базарында эл көп учурда  болгон жардырууда 30 адам каза болуп, 60 адам жаракат алган.

1678148
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Иракта болгон кол салууну айыптады

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерреш Ирактын базарына жасалган кол салууну айыптады.

Башкы катчынын маалымат катчылыгынын билдирүүсүндө, Гутеррештин элге карата жасалган кол салууну катуу айыптагандыгы жана каза болгондордун  жакындарына, Ирак өкмөтүнө жана элине көңүл айткандыгы белгиленди.

Маалыматта кылмышты аркатуучулардын эртерээк сот алдына чыгарылышы  керектиги белгиленип : «Курман айт майрамынан мурда болгон бул кол салуу баарыбызга террордун чек тааныбагандыгын эске салууда»,- деп билдирилди.

Ирактын борбор шаары Багдаттын Садр аймагындагы Ел  -  Вахилат элдик базарында эл көп учурда  болгон жардырууда 30 адам каза болуп, 60 адам жаракат алган.



Тектеш кабарлар