Ыйык жерлерге ажылык үчүн баргандар Минага бара башташты

Сауд Арабиянын ажылык жана Умра министрлиги 12 -  июнда ажылык ибадат үчүн өлкө тышынан эч кимди кабыл алышпай тургандарын билдиришкен болчу.

1677194
Ыйык жерлерге ажылык үчүн баргандар Минага бара башташты

Ажылык үчүн ыйык жерлерге барган адамдардын  Ковид  - 19га карата көрүлгөн чаралардын негизинде биринчи тавафтан кийин Минага бара башташкандары белгиленди.

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Мекке менен Мүзделифенин ортосунда Месжид  -  и Харамдын 7 километр түндүк  - чыгышында жайгашкан Мина Азырети Мухаммеддин сүннөтүн орундатууну каалаган ажы талапкерлерин тосуп ала баштады.

Ажылыкка баргандар текбир жана тавхид келтирип, кызматкерлердин көзөмөлүндө жана эпидемияга каршы көрүлгөн чаралардын негизинде Минага барышты.

Сауд Арабиянын ажылык жана Умра министрлиги 12 -  июнда ажылык ибадат үчүн өлкө тышынан эч кимди кабыл алышпай тургандарын билдиришкен болчу.

Сауд Арабия Ковид – 19  эпидемиясынан улам өткөн жылы да бир гана өлкө ичинен жана чектүү санда гана адамды кабыл алган.



Тектеш кабарлар