Майамидеги имараттын кулашынын кесепети

13 имараттын жарымы 24-июнь күнү күтүүсүздөн кулап калган болчу.

1667533
Майамидеги имараттын кулашынын кесепети

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Флорида штатындагы 13 кабаттуу үйдүн жарым-жартылай кыйрашынын натыйжасында каза болгон адамдардын саны 12ге жетти.

Майами шаарынын Сурфсайд аймагындагы окуяда куткаруу иштери улантылып жатканда, дайынсыз жоголгон 150дөн ашуун кишини табууга аракет кылынып жаткандыгы белгиленди.

Майами Бичтин түндүгүндөгү болжол менен 5600 калкы бар Сурфсайд аймагында 24-июнь бейшемби күнү 13 кабаттуу 270 батирлүү имараттын жарымы күтүүсүздөн кулап калган болчу. 


Этикеткалар: #13 кабаттуу үйдүн

Тектеш кабарлар