Ким Чен Ын Түндүк Кореянын жогорку даражалуу кызматкерлерин урушту
Бул тууралуу Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин (KCNA) жаңылыктарында маалымат орун алган.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынын алдын ала албады деп жооптуу кызматкерлерди урушту.
Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин (KCNA) жаңылыктарында, бийликтеги Кореянын Жумушчу партиясынын саясий бюросунун отурумунда Ким чиновниктерди Ковид-19 менен күрөшүүдө жана пландаштырылган чараларды ишке ашырууда «компетентсиздик, жоопкерчиликсиздик жана пассивдүүлүк» үчүн урушканы белгиленди.
Кимдин сөзүндө, «Маанилүү мамлекеттик иштерге жооптуу жогорку даражалуу чиновниктер Эпидемиянын алдын алуу өнөктүгүнүн узак мөөнөттүү абалы талап кылган уюштуруучулук, институционалдык, материалдык жана илимий-техникалык чараларды кабыл алуу боюнча Эмгек партиясынын маанилүү чечимдерин аткарууну унутта калтырышты. Бул болсо мамлекеттин жана элдин коопсуздугун камсыз кылуудагы ири кризис жаратып олуттуу кесепеттерге алып келди»,деген сөздөрдү колдонгону кабарланган.
Тектеш кабарлар
НАТО өлкөлөрү Украинага абадан коргонуу системалары тууралуу жардам берет
НАТО - Украина кеңеши коргоо министрлеринин деңгээлинде онлайн жыйын өткөрдү.