Канадада катуу ысыктан 63 адам каза болду

Каза болгондордун көпчүлүгүнүн улгайган адамдар экендиги билдирилди.

1667312
Канадада катуу ысыктан 63 адам каза болду

Канаданын батыш аймактарына таасир эткен катуу ысыктан улам 63 адам каза болду.

Аймактын Суррей, Бернаби жана Ванкувер шаарлары менен айланасында катуу ысыктын айынан бир күндө 63 адам көз жумду.

Полиция каза болгондордун көпчүлүгүнүн улгайган адамдар экендигин билдирди.

Британ Колумбиясы, Альберта, Юкон жана Түндүк-Батыш аймактарында таасирдүү болгон ысык аба ырайын адистер "жылуулук куполу" деп аныкташууда.

Аймакта акыркы 24 саатта 103 рекорддук жылуулук катталды.

Экинчи жагынан Британ Колумбиясы аймагынын жалпысында муниципалитеттер тарабынан ачылган муздатуу борборлору ысык аба ырайынан жабыркагандарга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүдө.

Күндүн ысыгынан аймактагы ресторандар, чекене дүкөндөр жана айрым мектептер жабылып, коронавируска каршы эмдөө жүргүзгөн клиникалар (ковид-19) ишин кийинкиге калтыра баштады.



Тектеш кабарлар