Иран Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрдү

Машыгууга Аскер-деңиз флотунуна жана Аба күчтөрүнө таандык учактар, тик учактар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен бирге ар кандай бөлүктөр катышты.

1667560
Иран Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрдү

Иран Каспий деңизинде Деңиз жана аба күчтөрүнүн катышуусунда ири масштабдуу аскердик машыгуу өткөрдү.

Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн жаңылыктарына караганда Каспий деңизинде өткөрүлгөн "Туруктуу Коопсуздук 1400" машыгуусуна Аскер-деңиз флотунуна жана Аба күчтөрүнө таандык учактар, тик учактар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен бирге ар кандай бөлүктөр катышты.

Машыгуунун болжол менен 77 миң чарчы чакырымдык аянтта жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

Машыгуу учурунда коргонуу жана чабуул сценарийлерин окшоштуруу жолу менен ракета атуучу жана электрондук согуш тутумдары сыналгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар