АКШ: «Ооганстанда жарандык согуш чыгып кетиши мүмкүн»

Генерал Миллер журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1667349
АКШ: «Ооганстанда жарандык согуш чыгып кетиши мүмкүн»

Афганистандагы НАТО жана АКШ күчтөрүнүн командири генерал Скотт Миллер, чет элдик аскердик күчтөрдүн кетиши менен өлкөдө жарандык согуш чыгып кетиши мүмкүн экени боюнча эскертти.

Генерал Миллер борбор калаа Кабулдагы штабында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Талибандын көзөмөлүндөгү аймактарды көбөйтүп жатканына көңүл бурган Миллер: «Коопсуздук абалы учурда жакшы эмес. Эгерде азыркы тенденция улана берсе, биз жарандык согуштун сөзсүз болорун алдын ала божомолдой алабыз», деди.

Миллер Афганистандагы согуштун саясий чечим менен гана аякташы мүмкүн экендигин баса белгиледи.

АКШнын президенти Жо Байден, Ооганстандан 1-майдан баштап 11-сентябрга чейин толугу менен чыгып кетишерин билдирген болчу.



Тектеш кабарлар