"Sputnik V" вакцинасы дельта вариантына каршы 90 пайызга жакын натыйжалуу...

Вакцинаны иштеп чыккан Гамалея институтунун директорунун орун басары Денис Логунов тема боюнча билдирүү жасады.

1666995
"Sputnik V" вакцинасы дельта вариантына каршы 90 пайызга жакын натыйжалуу...

Россияда коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы иштелип чыккан "Sputnik V" вакцинасы дельта вариантына каршы 90 пайызга жакын натыйжалуу экени жарыяланды.

Вакцинаны иштеп чыккан Гамалея институтунун директорунун орун басары Денис Логунов тема боюнча билдирүү жасады.

Логунов дельта вариантынын эффективдүүлүгүнүн көрсөткүчү санариптик медициналык документтерден жана вакциналардан алынган маалыматтардын негизинде эсептелет деп билдирди.

Sputnik V вакцинасынын Сovid-19 уникалдуу версиясына каршы дээрлик 92 пайыз натыйжалуу экени буга чейин жарыяланган.



Тектеш кабарлар