Ооганстанда акыркы 24 саатта дагы 3 район Талибандын көзөмөлүнө өттү

Газнинин эл өкүлү Худад Ирфанинин басма сөзгө билдирүүсүнө караганда, согушкерлер Газнинин Хожа Өмери, Вайз жана Мукур райондоруна бир эле мезгилде кол салган.

1666601
Ооганстанда акыркы 24 саатта дагы 3 район Талибандын көзөмөлүнө өттү

Акыркы 24 саатта Ооганстандын Газни провинциясындагы үч район Талибандын көзөмөлүнө өттү.

Газнинин эл өкүлү Худад Ирфанинин басма сөзгө билдирүүсүнө караганда, согушкерлер Газнинин Хожа Өмери, Вайз жана Мукур райондоруна бир эле мезгилде кол салган.

Кол салуулардын натыйжасында сөз болуп жаткан үч райондун Талибандын көзөмөлүнө өткөнүн билдирип, Ирфани коопсуздук күчтөрүнүн бул райондордон чыгып кеткендигин айтты.

Ирфани Талибан ушул темп менен Газни провинциясын толугу менен басып алышы мүмкүн деп эскертти.

Экинчи жагынан, Ооганстандын Коргоо министрлиги өлкөнүн түндүгүндөгү Фаряб провинциясынын Пештун Кот району жана Перван провинциясынын Шинвари райондору талиптерден кайтарылып алынгандыгын жарыялады.

Акыркы 24 саатта 14 провинцияда Талибанга каршы операция жүргүзүлгөнү айтылган билдирүүдө, операциянын натыйжасында 235 согушкер өлтүрүлүп, 161 согушкер жаракат алгандыгы белгиленди.

Талибдер 20-июнда Балх жана Саманган провинцияларындагы түндүк провинцияларды, 21-июнда Балхтын Девлет Абад, Шолгере жана Кишинде райондорун басып алышкан.

Акыркы 2 айда Талибандын көзөмөлүндөгү райондордун саны 45тен ашты.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, шаар борборлорун эске албаганда, Талибан өлкө аймагынын 50-70 пайызын көзөмөлдөйт.

 



Тектеш кабарлар