Орусиялык жалданма аскерлердин БАРда кылган кылмыштары БУУнун отчетунда

Америкалык New York Times (NYT) гезити жетишкен БУУнун отчетуна, БАРда «куралсыз кеңешчи» болуп дайындалган орусиялык аскерлер быйыл карапайым жарандарды өлтүрүп, үйлөрүн тоноп, мечитте сыйынуучуларды кыргынга учураткан деген тыянактар ​​камтылган.

1666080
Орусиялык жалданма аскерлердин БАРда кылган кылмыштары БУУнун отчетунда

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тергөөчүлөрү Борбордук Африка Республикасында (БАР) жайгаштырылган орусиялык жалданма аскерлер көптөгөн кылмыштарга, анын ичинде карапайым жарандарды кырууга катышкандыгы боюнча отчет даярдашты.

Америкалык New York Times (NYT) гезити жетишкен БУУнун отчетуна, БАРда «куралсыз кеңешчи» болуп дайындалган орусиялык аскерлер быйыл карапайым жарандарды өлтүрүп, үйлөрүн тоноп, мечитте сыйынуучуларды кыргынга учураткан деген тыянактар ​​камтылган.

Африка өлкөсүндө 10 жылдан бери уланып келе жаткан жарандык согушка орус аскерлери жетекчилик кылды деп айтылган отчетто алмаздын ири запасы бар мамлекеттин өкмөт мүчөлөрү менен соода мамилелери өнүккөнү жана алардын оппозициялык топторго каршы күрөштө ашыкча күч колдонуу, кокустан өлтүрүү жана мектеп басып алуу сыяктуу көптөгөн укуктарды бузууларга аралашканы баса белгиленди.

2017-жылы Борбордук Африка Республикасында алмаздар менен соода жүргүзүүнү козголоңчулардын көзөмөлүнө алган жана 2012-жылдан бери миңдеген адамдардын өмүрүн алып, миллиондон ашуун кишини жерин таштап кетүүгө мажбурлаган жаңжалды токтотуу үчүн Россиядан жардам сураган.

Орусия 2013-жылдан бери курал эмбаргосунда турган Борбордук Африка Республикасында армиясын окутуу үчүн БУУнун макулдугу менен «куралсыз аскер машыктыруучуларын» жиберүүнү сунуш кылган.



Тектеш кабарлар