ДЕАШка каршы эл аралык коалициянын министрлер жыйналышы Италияда өтөт

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын атынан жолугушууга катышат.

1665687
ДЕАШка каршы эл аралык коалициянын министрлер жыйналышы Италияда өтөт

Италиянын кожоюндугунда өтө турган ДЕАШка каршы эл аралык коалициянын министрлер жыйыны бүгүн борбор калаа Римде болот.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын атынан жолугушууга катышат.

Италиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, Италиянын кожоюндугунда жана АКШ менен биргеликте өткөрүлө турган ДЕАШка каршы эл аралык коалиция жыйналышына коалицияга мүчө 81 мамлекеттин катыша турганы жарыяланды.

Римдеги жолугушуу коалициянын террордук уюм ДЕАШты абсолюттук талкалоодогу ырааттуулугун, Сирия жана Иракта бошотулган аймактарды турукташтыруу боюнча милдеттенмесин тастыктоо жана жумушчу топтордогу кызматташтыкты арттыруу максатын көздөйт.

Мындан тышкары, Сахелдин жана Африка континентинин ар кайсы аймактарындагы ДЕАШка байланышкан террордук уюмдардын коркунучу, кабыл алуучу Италиянын суранычына ылайык талкуулана турганы жарыяланды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын атынан ДЕАШка каршы эл аралык коалиция жыйынына катышат.

Бул жолугушуудан тышкары, министр Чавушоглунун Сирия боюнча чектелген министрлер жыйынына катышуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар