Тель-Абьяд районунда жашаган адамдар ЙПГ / ПККга каршы чыгышты

Хафийе жана Коз Али айылдарына жайгашышкан ЙПГ / ПКК террористтери, ( кечээ) Тель-Абьяд районунун батыш тарабындагы Хирбет Фарас айылына миномет менен кол салышты.

1665396
Тель-Абьяд районунда жашаган адамдар ЙПГ / ПККга каршы чыгышты

Сириянын түндүгүндөгү Тель-Абьяд районунда жашаган адамдар батыш элет жериндеги фронттун жанындагы айылдарды жикчил террордук уюм ЙПГ / ПККнын  миномет менен аткылоосуна каршы чыгышты.

Тель-Абьяд шаарынын батыш тарабындагы «Тынчтык булагы» операциясынын чектеринен тышкары жайгашкан Хафийе жана Коз Али айылдарына жайгашышкан ЙПГ / ПКК террористтери, ( кечээ) Тель-Абьяд районунун батыш тарабындагы Хирбет Фарас айылына миномет менен кол салышты.

 «Тынчтык булагы» операциясынын чектеринде жайгашкан Хырбет Фараска кол салуудан кийин айылдык аянтта чогулган жарандар, аймакты туруксуздаштырууга жана карапайым адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүүгө аракет кылган ЙПГ / ПКК террористтерине каршы чыгышты.

ЙПГ / ПКК террористтери бутага алган айыл, Сирия-Түркия чек ара тилкесинен 10 чакырым түштүктө жайгашкан.



Тектеш кабарлар