Иранда мунапыстык чечими

Ирандын лидери Аятуллах Али Хаманей 5 000ден ашуун туткунду кечирүү же жазаларынын жеңилдетилишин камтыган сунушту бекитти.

1665170
Иранда мунапыстык  чечими

Ирандын лидери Аятуллах Али Хаманей 5 000ден ашуун туткунга мунапыстык берүү же жазаларынын жеңилдетилишин камтыган сунушту бекитти. 

Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда, Сот тутумунун башчысы Ибрахим Реисинин жарандык жана аскердик соттордо өкүм чыккан 5 156 туткундун жазасынын жеңилдетилиши жана мунапыстык берилиши тууралуу сунушун Хаманей кабыл алды.

Имам Рызанын туулган жылы жана Сот жумалыгынан улам чыгарылгандыгы айтылган мунапыстык чечиминин Төңкөрүш соттору, Мамлекеттик жаза мекемелери жана Куралдуу күчтөрү сотунан жаза алган туткундарды камтыгандыгы билдирилди. 

Иран Конститутцясынын 110 -  беренеси боюнча Хаманейдин туткундарды кечирүү укугу бар. 

Хаманей Иран сот тутумунун талабы боюнча жыл сайын абактагыларга майрамдарда жана башка диний күндөрдө мунапыстык беерт.

 

 

 



Тектеш кабарлар