Донбасста ок атышпоо режими бузулду

Жикчилдердин ок атышпоо режимин эки жолу бузгандыгы билдирилди.

1665203
Донбасста ок атышпоо режими бузулду

Украинанын чыгышындагы Донбасста орусиячыл жикчилдер аткан октун натыйжасында украиналык бир аскер каза болду.

Украинанын Куралдуу Күчтөрү, жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00гө чейин жикчилдердин ок атышпоо режимин эки жолу бузганын билдирди.

Донбасстын Пески аймагында жикчилдер аткан октун кесепетинен украиналык бир жоокердин каза тапкандыгы кабарланган билдирүүдө, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрүнө буга байланыштуу маалымат берилгендиги баса белгиленди.

Донбасстагы кризисти жөнгө салуу боюнча Россия, Украина жана ЕККУдан турган үч тараптуу байланыш тобу 2020-жылдын 27-июлуна карата ок атышууну толугу менен токтотууну чечкен.

2014-жылдан бери орусиячыл жикчилдер менен Киев администрациясынын ортосундагы жаңжалда 13 миңден ашуун адам өмүрүнөн айрылды.



Тектеш кабарлар