Талибан Афганистанда дагы эки райондун көзөмөлүн колго алды

Фаряб депутаты Бабур Жемал массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө террористтердин Фарябдын Карамкол, Курган жана Андхой райондоруна куралдуу кол салгандыгын айтты.

1664654
Талибан Афганистанда дагы эки райондун көзөмөлүн колго алды

Афганистандын Фаряб облусунда дагы эки райондун көзөмөлү Талибанга өттү.

Фаряб депутаты Бабур Жемал массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө террористтердин Фарябдын Карамкол, Курган жана Андхой райондоруна куралдуу кол салгандыгын айтты.Кол салууда Карамкол жана Курган райондорунун Талибандын көзөмөлүнө өткөндүгүн айткан Жемал Андхой районуна жакын жерде кагылышуулардын улантылып жаткандыгын белгиледи.

Жемал коопсуздук жетекчилеринин бул тууралуу олуттуу бир иш аткара алышпагандарын айтты.

Талибандан келген билдирүүдө болсо кол салуунун натыйжасында Карамкол, Курган жана Андхой райондорунун толугу менен көзөмөлгө алынгандыгы маалымдалды.

Кечээ да Фаряб облусунун Гурзиван району Талибандын көзөмөлүнө өткөн.

Афганистан коргоо министрлиги өлкөнүн 9 аймагында Талибанга каршы жүргүзүлгөн операцияда 129 террористтин жок кылынгандыгын билдирди. Билдирүүдө  операцияда 35 террористтин жаракат алгандыгы билдирилип,  жарылууга даяр 31 бомбанын жардырылгандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө операциянын натыйжасында бир нече райондун да Талибандан алыгандыгы белгиленди.

Афганистан территорияларынын чоң бөлүгүндө коопсуздук күчтөрү менен Талибандын ортосундагы күрөш улантылууда. 407 райондун 200гө жакынында кагылышуулар улантылууда.



Тектеш кабарлар