Мерапи жанар тоосунда жарылуу болду

Жанар тоодо акыркы жолу 9 - июнда жарылуу болгон.

1664868
Мерапи жанар тоосунда жарылуу болду

Индонезиянын Ява аралындагы Мерапи  жанар тоосунда жарылуу болду.

Геологиялык апаат технологиясы жана  изилдөө борборунан берилген маалыматта жарылууда жанар тоодон чачыраган күл жана тумандын 1000 метр бийиктикке жеткендиги белгиленди. Геологиялык апаат технологиясы жана  изилдөө борборунун жетекчилери акыркы мезгилдерде вулкандык кыймылдуулук күч алган  жанар тоонун айланасында 5 километрге чейинки аралыкта эч кандай кыймылдын болбошу керектиги боюнча эскертти.  

Мерапи жанар тоосунда акыркы жолу 9 -  июнда жарылуу болгон.



Тектеш кабарлар