Касабланкадан Антальяга түз учуу

Касабланкадан Антальяга түз учуулардын 11-июлдан тарта башталаары маалымдалды.

1664661
Касабланкадан Антальяга түз учуу

Марокконун Royal Airlines авиакомпаниясы (RAM) Касабланкадан түз учкан эл аралык каттамдарына Антальяны да кошту.

Royal Moroc Airlines авиакомпаниясынын Фейсбук баракчасында жарыяланган билдирүүдө, Касабланкадагы Мухаммед V аэропортунан Антальяга түз учуулардын 11-июлдан тарта башталаары маалымдалды.

Билдирүүдө Касабланка менен Антальянын ортосундагы каттамдардын саны тууралуу болсо маалымат берилген жок.

Касабланка-Анталья багыты Марокко менен Түркиянын ортосундагы 3-түз учуучу линия болот. 2005-жылы Касабланка-Стамбул жана 2019-жылы Марракеш-Стамбул каттамдары ачылган болчу.



Тектеш кабарлар