Андрей Бойцов С - 400 жана Пантсир - С 1 системаларын жеткирүү тууралуу карап чыгышарын айтты
Андрей Бойцов өлкөсүнүн Белорусияга С-400жана Пантсир- С 1 абадан коргонуу системаларын жеткирүү темасын эң кыска убакытта карап чыгышарын билдирди.
1664471
Россия федералдык аскердик техникалык кызматташуу кызматынын директорунун орун басары Андрей Бойцов өлкөсүнүн Белорусияга С-400 жана Пантсир- С 1 абадан коргонуу системаларын жеткирүү темасын эң кыска убакытта карап чыгышарын билдирди.
Бойцов Минксте өткөн MILEX-2021 курал жарманкесинде сөз сүйлөп, аскердик жана техникалык кызматташуу тууралуу белорусиялык жетекчилер менен байланышта экендерн айтты. Бойцов : «Белорусиядан С- 400 жана Пантсир- С 1абадан коргонуу системалары тууралуу кайрылуунун алынышы менен жеткирүү темасын кыска убакытта карап чыгабыз»,- деди.
Белорусиянын коргоо министрлиги январь айында армиянын С- 400 жана Пантсир- С1 системалары менен камсыздалышы тууралуу келишим боюнча иштелип жаткандыгын билдирген.